# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-декабрындагы № 834 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-декабрындагы № 834 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 834
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2017
- Редакциянын күнү: 27.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-650>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/650>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-650.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-декабрындагы № 834 токтому (27.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-650

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясы) түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

“Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 2-пунктун ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясы) түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) жөнүндө жободо:

- 6-пунктунун экинчи абзацы “оперативдүү-изилдөө ишин” деген сөздөрдөн кийин “, атайын тергөө ишин” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
