# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-декабрындагы № 830 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-декабрындагы № 830 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 830
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2017
- Редакциянын күнү: 27.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-646>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/646>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-646.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-декабрындагы № 830 токтому (27.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-646

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 661 “Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Банктык эмес финансылык рынок жаатындагы ишти лицензиялоо маселелерин жөнгө салуу максатында, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 661 “Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктундагы “2017” деген цифралар “2018” деген цифралар менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жободо:

- 72-пунктунун төртүнчү абзацы “башкы бухгалтеринин” деген сөздөрдөн кийин “(бар болсо)” деген сөздөр менен толукталсын;

- 73-пунктунун 2-пунктчасынын төртүнчү абзацындагы “финансы-кредиттик мекемеде” деген сөздөр алып салынсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
