Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 661 “Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Банктык эмес финансылык рынок жаатындагы ишти лицензиялоо маселелерин жөнгө салуу максатында, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 661 “Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктундагы “2017” деген цифралар “2018” деген цифралар менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жободо:
- 72-пунктунун төртүнчү абзацы “башкы бухгалтеринин” деген сөздөрдөн кийин “(бар болсо)” деген сөздөр менен толукталсын;
- 73-пунктунун 2-пунктчасынын төртүнчү абзацындагы “финансы-кредиттик мекемеде” деген сөздөр алып салынсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер министр С.Ж.Исаков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 661 "Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү…Постановление · 12.12.2016 · № 661 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон