# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 823 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 823 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 823
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2017
- Редакциянын күнү: 27.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-645>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/645>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-645.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 823 токтому (27.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-645

---

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мамлекеттик кызмат орундарын ээлебеген мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө тартибин бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мамлекеттик кызмат орундарын ээлебеген мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мамлекеттик кызмат орундарын ээлебеген мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамынын кеминде үчтөн эки бөлүгү түзүлгөн күндөн тартып төлөнөөрү белгиленсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
