КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 128 Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежесин бекитүү жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Жер үстүндөгү сууларды коргоо боюнча иш-чараларды өркүндөтүү максатында, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17- беренелерин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартында кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежесин бекитүү жөнүндөгү» №128 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежесине:
- 3-пунктагы «жана экологиялык бакубатчылыкты деген сөздү» «, экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыкты» деген сөзгө алмаштыруу керек.
- 8-пункт төмөнкү мазмундагы тогузунчу - он биринчи абзац менен толукталсын:
«-туризм, спорт жана калк массалык эс алуучу жерлерге, өнөр жайлардын, айыл чарбасынын, шаардын агынды сууларын агызууга тыюу салынат»;
«-табигый дарылык ресурстардан турган суу объекттерине, өнөр жайлардын, айыл чарбасынын, шаардын агынды сууларын агызууга жана уюшулган жаан сууларын агызууга тыюу салынат»;
«-чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу булактарын санитардык коргоо зонасынын экинчи алкагынын чегинде, эгерде агынды сууларда булгоочу заттар жана микроорганизмдер ушул Эрежелердин 1-тиркемесиндеги гигиеналык ченемдердин белгиленген нормасынан ашып кетсе, агызуу тыюу салынат»;
-37 пункттун 2 - абзацындагы «коомдук саламаттыкты сактоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сүйлөмдү «Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган» деген сүйлөмгө алмаштыруу керек.
- төмөнкү маанидеги 431 пункту менен толукталсын:
«431. Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган калктын маданий-тиричиликте суу пайдалануусунун суу объекттеринин суусунун сапатына сууга түшүү сезону башталганга чейин кеминде эки жолу жана сууга түшүү сезонунун учурунда айына кеминде эки жолу лабораториялык контроль жүргүзөт».
1-тиркемеге:
- 12 пунктагы «Ооруларды» деген сөздү «Жугуштуу ичеги-карын
ооруларынын» деген сөзгө алмаштыруу керек.
- 13 пункт төмөнкүдөй мазмунда редакциялансын:
«
13
Жалпы ичеги таякчасына окшош бактериялардын жалпы саны ашуун эмес
100 мл суудагы бактериялардын саны-1000
100 мл суудагы бактериялардын саны-500
-
-
».
- төмөнкү маанидеги 131 -пункт менен толукталсын:
«
131
Жылуулукка туруктуу ичеги таякчасына окшош бактериялар жана жалпы ичеги таякчасына окшош бактериялардын жалпы саны ашуун эмес:
100 мл суудагы бактериялардын саны-100
100 мл суудагы бактериялардын саны-100
-
-
»;
- 14 пункт төмөнкүдөй мазмунда редакциялансын:
«
14
Ичеги фагы(бляшкалоочу бирдикте) ашуун эмес:
10 БПКБ/100 мл
10БПКБ/100 мл
-
-
»;
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап 15 күн өткөндөн соң күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Дж.Исаков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.03.2016 · № 128
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 248 · Күчүн жоготкон