# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-декабрындагы № 838 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-декабрындагы № 838 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 838
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2018
- Редакциянын күнү: 29.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-641>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/641>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-641.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-декабрындагы № 838 токтому (29.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-641

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 707 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Мыйзам долбоорлорун илгерилетүүнү координациялоо жана мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүргүзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 707 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө жободо:

- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде мыйзам долбоорлорун жактоодо жана мамлекеттик органдын жетекчиси жок болгондо анын милдетин убактылуу аткаруу учурларынан тышкары, статс-катчыга мамлекеттик органдын тармактык функцияларын ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктардын берилиши мүмкүн эмес.”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
