КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 707 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мыйзам долбоорлорун илгерилетүүнү координациялоо жана мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүргүзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 707 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө жободо:
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде мыйзам долбоорлорун жактоодо жана мамлекеттик органдын жетекчиси жок болгондо анын милдетин убактылуу аткаруу учурларынан тышкары, статс-катчыга мамлекеттик органдын тармактык функцияларын ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктардын берилиши мүмкүн эмес.”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 707 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 29.12.2016 · № 707 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон