# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 848
- Кабыл алынган күнү: 08.01.2018
- Редакциянын күнү: 08.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-631>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/631>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-631.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 токтому (08.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-631

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы №,22 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө” токтомунун 31-пункту;

-,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы №,568 “Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары тууралуу” токтомунун 32-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 409 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомунун 21-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы №,416 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомунун 3-пункту;

-,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы №,630 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомунун 21-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-апрелиндеги №,180 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомунун 3-пунктунун үчүнчү абзацы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги №,196 “Кыргызжилкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомунун 3-пунктунун үчүнчү абзацы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги №,197 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-апрелиндеги №,201 “Токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы №,393 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №,131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомунун 5-пункту;

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
