КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында АИВ-инфекциясын жеңүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы жөнүндө
Кыргыз Республикасында АИВ-инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 602 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго кырк кадам» программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 100 күндүк иш-чаралар планына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында АИВ-инфекциясын жеңүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы (мындан ары – Программа), 1-тиркемеге ылайык;
- Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык;
- Программанын бюджети, 3-тиркемеге ылайык;
- Программаны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн индикаторлорунун матрицасы, 4-тиркемеге ылайык;
- АИВ-инфекциясына каршы күрөшүүнүн алкагында жүзөгө ашырылуучу иш-чараларды мамлекеттик каржылоого өткөрүү боюнча жол картасы, 5-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Иш-чаралар планын аткарууга кабыл алышсын;
- жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 1ине чейин Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 867 «Кыргыз Республикасында 2012-2016-жылдарга АИВ-инфекциясынын эпидемиясын турукташтыруу боюнча мамлекеттик программа жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 602 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 100…Постановление · 22.09.2017 · № 602
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 867 "Кыргыз Республикасында 2012-2016-жылдарга АИВ-инфекциясынын эпидемиясын турукташтыруу боюнча мамлекеттик программа жөнүндө" токтомуПостановление · 29.12.2012 · № 867 · Күчүн жоготкон