# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30 декабрындагы № 855 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30 декабрындагы № 855 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 855
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2018
- Редакциянын күнү: 18.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-612>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/612>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-612.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30 декабрындагы № 855 токтому (18.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-612

---

Республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин түзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Инвестициялык долбоорлор аркылуу мамлекеттик башкаруу секторунда институттук кайра түзүүлөрдү ишке ашырууну камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 28 жана 29-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин түзүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын

11-сентябрындагы № 652 “Мамлекеттик муктаждыктар үчүн курулуштардын жана объектилердин тизмесин түзүү жана аларды республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын

4-апрелиндеги № 123 “Мамлекеттик муктаждыктар үчүн курулуштардын жана объектилердин тизмесин түзүү жана аларды республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-сентябрындагы № 652 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын

26-декабрындагы № 732 “Республикалык бюджеттен каржылануучу объекттердин жана курулуштардын тизмесине киргизүү үчүн билим берүү объекттерин тандоо критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтому.

3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын

1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
