# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы №17 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы №17 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2018
- Редакциянын күнү: 19.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-609>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/609>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-609.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы №17 токтому (19.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-609

---

Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө

“Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6, 23-26-беренелерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасында ветеринардык врачтарды жана параветеринардык адистерди каттоо/кайра каттоо жана реестрин жүргүзүү жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

- ветеринария тармагында айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
