КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 224 “Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын листингине минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү максатында, “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын
17-апрелиндеги № 224 “Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын листингине коюлуучу минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын листингине минималдуу талаптарда:
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чыгарган карыздык баалуу кагаздар, ушул минималдуу талаптардын 3-главасында көрсөтүлгөн талаптарды сактоо менен фондулук биржанын баалуу кагаздарынын листингиндеги экинчи (эң жогоркудан кийинки) категорияга киргизилет.”;
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Муниципалдык баалуу кагаздардын фондулук биржанын баалуу кагаздарынын листингинде экинчи (эң жогоркудан кийинки) категорияда болушу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эмитент болууга тийиш.”;
3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 91-пункт менен толукталсын:
“91 Эмитенттин карыздык баалуу кагаздарынын фондулук биржанын листингинде экинчи (эң жогоркудан кийинки) категорияда болушу үчүн карыздык баалуу кагаздар жана алардын эмитенти төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
а) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чыгарган карыздык баалуу кагаздардын чыгарылган көлөмү 1 млн. сомдон кем болбоого тийиш;
б) карыздык баалуу кагаздарды жабуу боюнча милдеттенме, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын алдындагы милдеттенмелерди кошуп алганда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жылдык кирешесинин көлөмүнүн зайымдын натыйжасында тартылган каражаттарды эсепке албаганда 20 пайызынан ашпоого тийиш,;
в) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы чыгарган карыздык баалуу кагаздардын номиналдык наркы төмөнкүдөй болууга тийиш:
- аукцион өткөрүүдө 10 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес;
- жеке эмиссияда (жекече сунуш кылууда) 100 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес.”
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер министр С.Ж.Исаков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Баалуу кагаздар рыногу жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 251
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 224 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын листингине минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.04.2015 · № 224 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон