# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2018
- Редакциянын күнү: 24.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-599>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/599>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-599.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 токтому (24.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-599

---

“Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын декларацияларды берүү тартибин өркүндөтүү максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясынын формасы (FORM STI - 155), 1-тиркемеге ылайык;

- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI - 155) толтуруу тартиби, 2-тиркемеге ылайык;

- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгымдарынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификатору, 3-тиркемеге ылайык;

- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жана анын жакын туугандарынын/багуусундагы адамдардын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтардын параметрлери, 4-тиркемеге ылайык;

- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарды иликтөө жана талдоо тартиби жөнүндө жобо, 5-тиркемеге ылайык;

- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген жеке жактар жөнүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат берүү тартиби, 6-тиркемеге ылайык.

2, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 855 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо маселелери жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
