КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 9 “Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жер казынасын пайдалануучулардын жаратылышты коргоочу заманбап технологияларды өндүрүшкө киргизүүсүн өбөлгөлөө, Кыргыз Республикасынын алтын казуу тармагын өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 9 “Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кооптуу калдыктардын классификаторундагы:
01-калдыктар тобу төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
01
Тоо кен өнөр жайынын калдыктары
Шахталар менен карьерлердеги калдыктар: - пайдалуу кендердин бардык тобунун кен калдыктары, аларда радионуклиддердин камтылышы “Радиациялык коопсуздук жөнүндө” Техникалык регламент” тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген деңгээлден жогору болот;
01011
N010100/Р00/Q01/WS00/T1/ C00/H00/D(R)00/GD000
- рудалуу жана күйүүчү пайдалуу кендердин кен калдыктары;
01014
N010100/Р00/Q01/WS00/T4/ C00/H00/D(R)00/GD000
- руда эмес жана башка пайдалуу кендердин кен калдыктары;
01015
N010100/Р00/Q01/WS00/T5/C00/H00/D(R)00/GD000
Минералдык чийки затты кайра иштетүүнүн физикалык жана химиялык процесстеринен кийинки калдыктар;
- куюу, пасталык же болбосо жарым кургак ыкмасы менен жыйналган, минералдык чийки затты кайра иштетүүнүн физикалык жана химиялык процесстеринде (гидрометаллургияда, пирометаллургияда, реагенттерди колдонуу менен байытууда) зыянсыздандырылбаган калдыктар;
01022
N010200/P00/Q11/WS00/Т2/С00/H00/D(R)00/GD000
- материалдын 36 пайыздан ашуун нымдуулугунда куюу ыкмасы менен жыйналган, минералдык чийки затты кайра иштетүүнүн физикалык жана химиялык процесстеринде (гидрометаллургияда, пирометаллургияда, реагенттерди колдонуу менен байытууда) зыянсыздандырылган калдыктар;
01023
N010200/P 00/ Q11/WS00/T3/C00/H00/D(R) 00/GD000
- айлантып суу менен жабдуу системасын пайдалануу менен материалдын 36 пайыздан ашуун нымдуулугунда куюу ыкмасы менен жыйналган же пасталык ыкмада жыйналган, минералдык чийки затты кайра иштетүүнүн физикалык жана химиялык процесстеринде (гидрометаллургияда, пирометаллургияда, реагенттерди колдонуу менен байытууда) зыянсыздандырылган калдыктар;
01024
N010200/P 00/ Q11/WS00/T4/C00/H00/D(R) 00/GD000
- үймөктөп суюктукта эритүү жана суу менен жуу методдору менен калдык сактоочу жайлар (таштандылар) толук зыянсыздандырылгандан кийин алтыны алынган руданын калдыктары;
01024
N010200/P 00/ Q11/WS00/T4/C00/H00/D(R) 00/GD000
- химиялык реагенттерди пайдаланбастан байытуунун гравитациялык жана башка физикалык методдорун колдонуу менен минералдык чийки заттарды кайра иштетүүдөн кийинки калдыктар;
01025
N010200/P00/ Q11/WS00/T5/C00/H00/D(R) 00/GD00001024
- айлантып суу менен жабдуу системасын пайдалануу менен, сакталышынын туруктуулугун жогорулатуучу цементтөөчү кошулмалары бар пасталык ыкма менен (материалдардын 20 – 36% нымдуулугунда) жыйналган, минералдык чийки затты кайра иштетүүнүн физикалык жана химиялык процесстеринде (гидрометаллургияда, пирометаллургияда, реагенттерди колдонуу менен байытууда) зыянсыздандырылган калдыктар;
01025
N010200/P00/ Q11/WS00/T5/C00/H00/D(R) 00/GD00001024
- материалдардын 20 пайыздан төмөн нымдуулугунда жарым кургак ыкмада жыйналган, айлантып суу менен жабдуу системасын пайдалануу менен минералдык чийки затты кайра иштетүүнүн физикалык жана химиялык процесстеринен (гидрометаллургияда, пирометаллургияда, катуу таасир этүүчү уулуу заттардан башка реагенттерди колдонуу менен байытууда) кийинки калдыктар.
01025
N010200/P00/ Q11/WS00/T5/C00/H00/D(R) 00/GD00001024
”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы №9 "Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.01.2010 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон