# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 47 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 47 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 47
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2018
- Редакциянын күнү: 29.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-593>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/593>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-593.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 47 токтому (29.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-593

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 «Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баӊги заттарды контролдоо боюнча органдын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызмат адамдарын социалдык коргоону жогорулатуу максатында «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 «Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баӊги заттарды контролдоо боюнча органдын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баӊгизаттарды контролдоо боюнча органдын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жободо:

4-тиркемесинин 3-пунктунун «г» пунктчасынын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жетинчи башкы башкармалыгынын жетектөөчү курамына.».

2. Ушул токтом күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жетинчи башкы башкармалыгында мурда кызмат өтөп, Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынан бошотулган адамдарга пенсия дайындоо үчүн иштеген жылдары кайра каралбайт деп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
