# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31 январындагы № 69 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31 январындагы № 69 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2018
- Редакциянын күнү: 07.02.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-577>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/577>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-577.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31 январындагы № 69 токтому (07.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-577

---

Эл аралык асыроо боюнча чет өлкөлүк уюмдардын өкүлчүлүктөрүн Кыргыз Республикасында аккредитациялоо маселелери жөнүндө

Эл аралык асыроо боюнча чет өлкөлүк уюмдардын өкүлчүлүктөрүн Кыргыз Республикасында аккредитациялоо жол-жоболорун иретке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Эл аралык асыроо боюнча чет өлкөлүк уюмдардын өкүлчүлүктөрүн Кыргыз Республикасында аккредитациялоонун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-декабрындагы № 660 “Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды мамлекеттер аралык асыроону ишке ашыруучу чет өлкөлүк уюмдарды аккредитациялоо тартиби жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
