# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 68 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 68 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2018
- Редакциянын күнү: 07.02.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-573>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/573>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-573.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 68 токтому (07.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-573

---

Ичүүчү суу менен камсыздоо жагындагы актыларды бекитүү жөнүндө

«Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 221-беренесин, «Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламент» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, «Ичүүчү суу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- «Чарбалык-ичүү багытындагы суу менен камсыздоо булактарын жана суу өткөргүчтөрдү санитардык коргоо зоналарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптардын» санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери, 1-тиркемеге ылайык;

- «Борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо жана ичүү багытындагы суу өткөргүч системаларына санитардык-эпидемиологиялык талаптар» санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери, 2-тиркемеге ылайык;

- «Калкты борборлоштурулбаган ичүүчү суу менен камсыздоо булактарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар» санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери, 3-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
