# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-февралындагы № 96 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-февралындагы № 96 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2018
- Редакциянын күнү: 28.02.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-554>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/554>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-554.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-февралындагы № 96 токтому (28.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-554

---

«Москва шаарында 2017-жылдын 10-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чили Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, расмий же кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:

- «Москва шаарында 2017-жылдын 10-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чили Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, расмий же кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- Москва шаарында 2017-жылдын 10-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чили Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, расмий же кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
