# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы № 79 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы № 79 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2018
- Редакциянын күнү: 13.03.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-543>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/543>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-543.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы № 79 токтому (13.03.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-543

---

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун 2018-2020-жылдарга карата стратегиясын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын натыйжалуу башкаруу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун андан ары өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун 2018-2020-жылдарга карата стратегиясы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-октябрындагы № 532 "2016-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
