# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-февралындагы № 100 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-февралындагы № 100 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2018
- Редакциянын күнү: 13.03.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-542>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/542>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-542.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-февралындагы № 100 токтому (13.03.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-542

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 137 “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүгө байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 137 “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жободо:

- 2-пунктунун төртүнчү абзацындагы “биринчи” деген сөз алып салынсын;

- 5-пунктунун биринчи абзацындагы “биринчи” деген сөз алып салынсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
