# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 178 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 178 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 23.04.2019
- Редакциянын күнү: 23.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-54>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/54>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 178 токтому (23.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-54

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Евразия экономикалык комиссиясынын 2016-жылдын 18-октябрындагы №101 «Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү Тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасына жана Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү салык тарифине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечимине улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана тууралоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын тизмеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

тиркеме

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
