# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-февралындагы № 108 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-февралындагы № 108 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 108
- Кабыл алынган күнү: 02.04.2018
- Редакциянын күнү: 02.04.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-525>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/525>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-525.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-февралындагы № 108 токтому (02.04.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-525

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 727 «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын

31-декабрындагы № 727 «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангдарын ыйгаруу тартиби жөнүндө жободо:

- 2-пункту «дипломатиялык кызматтын» деген сөздөрдөн кийин «дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген» деген сөздөр менен толукталсын;

- 7-пункту «Дипломатиялык кызматтын» деген сөздөрдөн кийин «дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген» деген сөздөр менен толукталсын;

- 9-пункту «дипломатиялык кызматтын» деген сөздөрдөн кийин «дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген» деген сөздөр менен толукталсын;

- 11-пункту «дипломатиялык кызматтын» деген сөздөрдөн кийин «дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген» деген сөздөр менен толукталсын;

- 14-пункту «ранг ыйгаруунун кезектүүлүктүн сактабастан» деген сөздөрдөн кийин «бирок бир тепкичтен жогору эмес» деген сөздөр менен толукталсын;

- 16-пункту «Дипломатиялык кызматтын» деген сөздөрдөн кийин «дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген» деген сөздөр менен толукталсын;

- 17-пункту «мамлекеттик кызмат жөнүндө» деген сөздөрдөн кийин «жана дипломатиялык кызмат жөнүндө» деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
