# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 165 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 165 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2019
- Редакциянын күнү: 25.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-52>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/52>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 165 токтому (25.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-52

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 23-январындагы № 11 «Россия Федерациясынын Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун түзүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башкаруу схемасында «Новосибирск ш. Вице-консулдук» позициясы «КРнын Новосибирск ш. Башкы консулдугу» позициясы менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
