# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 180 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 180 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 180
- Кабыл алынган күнү: 04.04.2018
- Редакциянын күнү: 04.04.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-514>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/514>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-514.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.04.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 180 токтому (04.04.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-514

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-январындагы № 3 “Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Музейлердин иштөө системасын өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-январындагы № 3 “Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарда:

- 4-бөлүмдүн 83-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “

83

Музейдин директору

Жогорку кесиптик билим (гуманитардык, педагогикалык, экономикалык), музейлерде 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, же искусство жана маданият чөйрөсүндө жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. Илимий даражасы барларга артыкчылык берилет.

”.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
