# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 189
- Кабыл алынган күнү: 16.04.2018
- Редакциянын күнү: 16.04.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-496>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/496>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-496.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.04.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтому (16.04.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-496

---

Кайтарылуучу чөлкөмдөрдү, алардын өлчөмүн, ушул максатта бөлүнгөн жерлерди пайдалануу режимин орнотуу жана бөлүнгөн тилкенин чегинде темир жол транспортунун жерлерин коргоо тартибин бекитүү жөнүндө

“Темир жол транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 11-беренелерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кайтарылуучу чөлкөмдөрдү, алардын өлчөмүн, ушул максатта бөлүнгөн жерлерди пайдалануу режимин орнотуу жана бөлүнгөн тилкенин чегинде темир жол транспортунун жерлерин коргоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С. Ж. Исаков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
