# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 197 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 197 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2018
- Редакциянын күнү: 17.04.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-488>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/488>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-488.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 197 токтому (17.04.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-488

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 354 “Аралыктан билим берүү технологиясын колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында аралыктан билим берүү технологиясын өнүктүрүү жана киргизүү үчүн шарттарды түзүү максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 354 “Аралыктан билим берүү технологиясын колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окуу түрүндө жана экстернат түрүндө алууга жол берилбеген кесиптердин жана адистиктердин тизмегинде:

## 2-главасынын “Айыл чарба” позициясындагы “сырттан” деген сөз алып салынсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
