Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 50 «Көп батирлүү турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомунун колдонулушун токтотуу жөнүндө
Көп батирлүү турак үйдүн жанындагы жер участокторунун чек араларын аныктоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарын сактоону камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын
15-февралындагы № 50 «Көп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомунун колдонулушу 2020-жылдын 31-декабрына чейин токтотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарына шаарлардын жана калктуу конуштардын шаар куруу документтерин (башкы план, деталдуу пландоо долбоору, курулуштун долбоору) белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча чараларды көрүү сунушталсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №50 "Көп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү…Постановление · 15.02.2011 · № 50 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон