# КР Министрлер Кабинетинин 07.07.2026-ж., № 464 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 07.07.2026-ж., № 464 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 464
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2026
- Редакциянын күнү: 07.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4820>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4820>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4820.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 07.07.2026-ж., № 464 токтому (07.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4820

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин күйүүчү-майлоочу материалдарга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, өлкөнүн калкын күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз жабдуу, улуттук экономиканын субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 «Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички рыногунда бааларга убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон социалдык маанилүү товарлардын тизмегинде:

– 13-пункттагы «Аи-95,» деген сөздөр алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-майындагы № 369 «Күйүүчү-майлоочу материалдарга рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 5-пункттун 2-пунктчасындагы «максималдуу чекене бааларды белгилөө менен» деген сөздөр алып салынсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
