Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин 12.06.26 №417 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн жыйымдын өлчөмүн убактылуу төмөндөтүү жөнүндө
Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоодо транспорт каражаттарынын ээлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 231 -статьясынын 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин: 1) 2026-жылдын 15-июнунан тартып 15-июлуна чейинки мезгилге транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн жыйым төмөнкүнү түзөт деп: – резидент-жеке жактар үчүн 350 эсептик көрсөткүчтү; – юридикалык жактар үчүн 550 эсептик көрсөткүчтү; – резидент эместер үчүн 750 эсептик көрсөткүчтү; 2) уруксат бир жылдык мөөнөткө катталат деп; 3) транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн жыйымдын көрсөтүлгөн өлчөмү электромобилдерди кошпогондо, M1 жана M1G категорияларындагы транспорт каражаттарына жайылтылат деп.
2. Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөгө уруксат үчүн жыйымдын өлчөмүн убактылуу төмөндөтүү колдонулган мезгилге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун ишинин маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөө жана уруксатты каттоо тартибинин 3-пунктунун колдонулушу токтотулуп турсун.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 15-июнунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана…Постановление · 27.11.2025 · № 760
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52