# КР Министрлер Кабинетинин 13.05.2026-ж., № 335 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 13.05.2026-ж., № 335 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 335
- Кабыл алынган күнү: 14.05.2026
- Редакциянын күнү: 14.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4808>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4808>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4808.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 13.05.2026-ж., № 335 токтому (14.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4808

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 248 «Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) тандоо боюнча жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 248 «Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) тандоо боюнча жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) тандоо боюнча жободо:

– 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2. Улуттук операторду тандоо курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ведомстволор аралык комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

Ыйгарым укуктуу салык органынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен мамлекеттик орган же менчигинде мамлекеттин үлүшү бар уюм улуттук оператор болуп аныкталган учурда тандоо жүргүзүлбөйт.»;

– 31-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
