КР Министрлер Кабинетинин 13.04..2026-ж., № 248 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Адистештирилген жана атайын транспорт каражаттарына түстүү графикалык схемаларды, айырмалоочу белгилерди, жазууларды, атайын жарык жана үн сигналдарын орнотуу жана колдонуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Бажы бирлигинин «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин (ББ ТР 018/2011) талаптарына шайкеш келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Адистештирилген жана атайын транспорт каражаттарына түстүү графикалык схемаларды, айырмалоочу белгилерди, жазууларды, атайын жарык жана үн сигналдарын орнотуу жана колдонуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом тартылган мамлекеттик органдардын бекитилген штаттык санынын, тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын
5-ноябрындагы № 610 «Атайын автомобилдер менен мотоциклдерге орнотулуучу атайын жарык жана үн сигналдарын, ошондой эле түстүү-графикалык схемаларды орнотуунун жана колдонуунун тартиби, ошондой эле айырмалоочу белгилердин, жазуулардын, атайын жана жарык сигналдардын нускамасын бекитүү жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-декабрындагы № 706 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 5-ноябрындагы № 610 «Атайын автомобилдер менен мотоциклдерге орнотулуучу атайын жарык жана үн сигналдарын, ошондой эле түстүү-графикалык схемаларды орнотуунун жана колдонуунун тартиби, ошондой эле айырмалоочу белгилердин, жазуулардын, атайын жана жарык сигналдардын нускамасын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана стандартташтыруу боюнча улуттук орган өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Жобо.pdf
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 5-ноябрындагы № 610 "Атайын автомобилдер менен мотоциклдерге орнотулуучу атайын жарык жана үн сигналдарын, ошондой эле…Постановление · 05.11.1999 · № 610 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-декабрындагы №706 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 5-ноябрындагы № 610 "Атайын автомобилдер менен мотоциклдерге…Постановление · 22.12.2008 · № 706 · Күчүн жоготкон