Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 «Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын
2-декабрындагы № 817 «Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндөгү» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 1-пунктунда:
«ж» пунктчасындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги» деген сөздөргө алмаштырылсын;
«с» пунктчасындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнɵ караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясы
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы (макулдашуу боюнча)
»;
- 27-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 28-пунктунда:
«Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 29 жана 30-пункттарындагы «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 114 - 122-пункттар менен толукталсын:
«
114
БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы (БУУнун КЖКБ)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы
115
Миграция боюнча эл аралык уюм (МЭУ)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы
116
Эмгек эл аралык уюму (ЭЭУ)
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги
117
Энергетикалык хартия катчылыгы
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети
118
Жаӊылануучу энергия булактары боюнча эл аралык агенттик
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети
119
Туруктуу арбитраждык сот (Бейтарап соттун туруктуу палатасы)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору
120
Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомунун эл аралык федерациясы
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
121
Аскердик спорттун эл аралык кеңеши
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча)
122
Деңизге чыгуучу жолдору жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн Эл аралык борбор
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
»;
2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
- 48 - 51-пункттарындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги» деген сɵздɵргɵ алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 60 - 67- пункттар менен толукталсын:
«
60
БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы (БУУнун КЖКБ)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы
61
Миграция боюнча эл аралык уюм (МЭУ)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы
62
Эмгек эл аралык уюму (ЭЭУ)
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги
63
Энергетикалык хартия катчылыгы
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети
64
Жаӊылануучу энергия булактары боюнча эл аралык агенттик
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети
65
Туруктуу арбитраждык сот (Бейтарап соттун туруктуу палатасы)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору
66
Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомунун эл аралык федерациясы
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
67
Аскердик спорттун эл аралык кеңеши
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча)
».
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун…Постановление · 02.12.2015 · № 817 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон