# КР Министрлер Кабинетинин 06.03.2026-ж., № 154 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 06.03.2026-ж., № 154 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2026
- Редакциянын күнү: 09.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4788>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4788>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4788.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 06.03.2026-ж., № 154 токтому (09.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4788

---

«Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу

«Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруу жана чектөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 10-июнундагы № 328 «Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин айрым маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жөнүндө жободо:

10-пунктта:

1) 4-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи абзац менен толукталсын:

«– порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган бөгөттөлгөн сайттардын реестрин жүргүзөт;»;

2) 5-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

«– «Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдери аткарылбаган учурда Интернет тармагындагы сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ишин токтотуп турат жана чектейт;».

3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тартип тиркеме.pdf

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
