Министрлер Кабинетинин 23.02.2026-жылдагы №128 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
2026–2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасында маданият жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-августундагы № 193 “Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүн мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында маданият жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүү программасы 1-тиркемеге ылайык;
2) 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында маданият жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы)
2-тиркемеге ылайык;
3) 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында маданият жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүү программасынын бюджети
3-тиркемеге ылайык;
4) 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында маданият жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүү программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун матрицасы 4-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын жетекчилери:
1) Иш-чаралар планын өз убагында жана милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылсын;
2) Иш-чаралар планынын аткарылышына туруктуу талдоо жана мониторинг жүргүзсүн;
3) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине
Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги:
1) Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча ишти жалпы координациялоону жүргүзсүн;
2) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейинки мөөнөттө Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4. Бул токтомду ишке ашыруу тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын учурдагы бекитилген штаттык санынын жана тиешелүү жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте жана жергиликтүү бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
1-тиркеме..pdf
2-тиркеме..pdf
3-тиркеме..pdf
4-тиркеме..pdf
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-августундагы ПЖ № 193 "Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүн мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.08.2023 · № 193