# КР Министрлер Кабинетинин 12.02.2026-ж., № 88 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 12.02.2026-ж., № 88 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 17.02.2026
- Редакциянын күнү: 17.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4777>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4777>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4777.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 12.02.2026-ж., № 88 токтому (17.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4777

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 9-беренесинин 3-бөлүгүн жана 179-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жобо.pdf

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
