# КР Министрлер Кабинетинин 13.02.2026-ж., № 99 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 13.02.2026-ж., № 99 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 16.02.2026
- Редакциянын күнү: 16.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4772>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4772>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4772.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 13.02.2026-ж., № 99 токтому (16.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4772

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 327 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. КР МК токтомунун долбооруна тиркеме.pdf

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
