Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Министрлер Кабинетинин 27.01.2026-жылдагы №39-т тескемеси
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 1162-т тескемеси менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылга
иш-аракеттер планы (мындан ары – План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Планды ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
– Планды белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча конкреттүү чараларды көрсүн;
– ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Планды аткаруу жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Планды ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын Планды сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 18-т тескемеси;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-майындагы № 405-т тескемеси;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-августундагы № 727-т тескемеси;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 854-т тескемеси;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 969-т тескемеси.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 18-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылга иш-аракеттер планын бекитүү тууралуу)…Распоряжение · 17.01.2025 · № 18-р · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 29.12.2025-ж., № 1162-т тескемесиРаспоряжение · 29.12.2025 · № 1162-т
- КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 854-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 18 тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү…Распоряжение · 03.10.2025 · № 854-т · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 969-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 18-т тескемесине…Распоряжение · 11.11.2025 · № 969-т · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-августундагы № 727-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы №18-т тескемесине…Распоряжение · 23.08.2025 · № 727-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-майындагы № 405-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 18-т тескемесине…Распоряжение · 22.05.2025 · № 405-т · Күчүн жоготкон