# Министрлер Кабинетинин 29.01.2026-жылдагы №34 токтому

- Толук аталышы: Министрлер Кабинетинин 29.01.2026-жылдагы №34 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2026
- Редакциянын күнү: 29.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4761>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4761>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4761.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Министрлер Кабинетинин 29.01.2026-жылдагы №34 токтому (29.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4761

---

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоо маселелери жөнүндө

Билим берүү секторунда финансылык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын чыгымдарын түзүү жана аткаруу тартиби 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоо ченемдерин аныктоонун методикасы

2-тиркемеге ылайык;

3) Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын бир жылга бир билим алуучуга карата (эмгек акы төлөө фондусуз жана коммуналдык чыгымдарсыз) бюджеттик каржылоонун ченемдери

3-тиркемеге ылайык;

4) Ченемдик каржылоонун механизми жайылтылбаган Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын тизмеги

4-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын

20-сентябрындагы № 563 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын каржылоонун ченемдик принцибине которуу жөнүндө” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын

30-майындагы № 302 “Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө” токтомунун 2-пунктунун үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтары;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын

28-декабрындагы № 843 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоо маселеси жөнүндө” токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын

4-майындагы № 182 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 843 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоо маселеси жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

1-тиркеме .pdf

2-тиркеме.docx.pdf

3-тиркеме.docx.pdf

4-тиркеме .docx.pdf

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
