# Министрлер Кабинетинин 23.01.2026-жылдагы №24 токтому

- Толук аталышы: Министрлер Кабинетинин 23.01.2026-жылдагы №24 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2026
- Редакциянын күнү: 26.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4760>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4760>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4760.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Министрлер Кабинетинин 23.01.2026-жылдагы №24 токтому (26.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4760

---

Театрлардын жана башка театралдык оюн-зоок ишканаларынын жана жамааттарынын эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсияга укуктуу артисттеринин айрым категорияларынын тизмегин бекитүү жөнүндө

“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Театрлардын жана башка театралдык оюн-зоок ишканаларынын жана жамааттарынын эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсияга укуктуу артисттеринин айрым категорияларынын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 1-декабрындагы № 694 “Театр артисттеринин жана башка театралдык оюн-зоок ишканаларынын жана коллективдеринин өзгөчө эмгек шарты үчүн пенсия алууга укуктуу айрым категорияларынын Тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

ТИРКЕМЕ .pdf

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
