Министрлер Кабинетинин 19.01.2026-жылдагы №14 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Бюджеттик кредиттөө чөйрөсүндөгү маселелер жөнүндө
Бюджеттик кредиттөө жол-жобосун регламенттөө максатында, “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 20-мартындагы № 126 “Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу тартибинде:
2-пункттун 4-пункчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4) бюджеттик кредиттер боюнча карызды төлөөнүн эсебине өндүрүп алынган мүлктү мамлекеттик менчикке айландыруунун натыйжасында;”.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 “Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 29-июлундагы № 406 “Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 "Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.09.2024 · № 554
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндөЗакон · 07.05.2008 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 126 "Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө…Постановление · 20.03.2024 · № 126
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 "Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 29.07.2022 · № 406 · Күчүн жоготкон