# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 215 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 215 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 215
- Кабыл алынган күнү: 15.05.2018
- Редакциянын күнү: 15.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-475>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/475>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-475.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 215 токтому (15.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-475

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Жазык-аткаруу ишинин чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- жазык-аткаруу тутумунун органдарына кызматка кабыл алынып жаткан жарандар, ошондой эле анын кызматкерлери кызматка жарактуулугун аныктоо үчүн жазык-аткаруу тутумунун органдарынын аскердик-врачтык комиссияларынан медициналык күбөлөндүрүүдөн өтөт.”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
