# КР Министрлер Кабинетинин 26.12.2025-ж., № 837 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 26.12.2025-ж., № 837 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 837
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2025
- Редакциянын күнү: 29.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4748>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4748>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4748.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 26.12.2025-ж., № 837 токтому (29.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4748

---

“Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандардын ысымдарын колдонуу тартиби жөнүндө

“Манас” эпосу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандардын ысымдарын колдонуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1)-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын

25-сентябрындагы № 634 “Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын аталыштарында “Манас” терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;

2)-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 5-пункту.

3.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тиркеме (2).pdf

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
