# КР Министрлер Кабинетинин 24.11.25-ж., № 752 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 24.11.25-ж., № 752 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 752
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2025
- Редакциянын күнү: 25.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4742>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4742>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4742.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 24.11.25-ж., № 752 токтому (25.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4742

---

Сезондук жумуштардын тизмегин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 170-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө”Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Сезондук жумуштардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-ноябрындагы № 679 “Сезондук жумуштардын Тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-февралындагы № 82 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө”токтомунун 3-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 628 “Сезондук иштердин тизмесин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-ноябрындагы № 679 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу” токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
