# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-майындагы № 222 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-майындагы № 222 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 222
- Кабыл алынган күнү: 15.05.2018
- Редакциянын күнү: 15.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-474>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/474>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-474.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-майындагы № 222 токтому (15.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-474

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 336 «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 336 «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы жөнүндө жободо:

- 13-пунктунун жыйырма экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
