# Министрлер Кабинетинин 23.10.2025-ж №692 токтому

- Толук аталышы: Министрлер Кабинетинин 23.10.2025-ж №692 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 692
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2025
- Редакциянын күнү: 23.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4731>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4731>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4731.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Министрлер Кабинетинин 23.10.2025-ж №692 токтому (23.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4731

---

Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмегин бекитүү жөнүндө

“Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 21-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.

Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-февралындагы № 55 “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмесин жана Кыргыз Республикасынын алыскы жана барууга кыйын зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмесин жактыруу жөнүндө” токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 504 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 6-пункту.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
