# КР Министрлер Кабинетинин 15.10.2025-ж. №670 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 15.10.2025-ж. №670 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 670
- Кабыл алынган күнү: 15.10.2025
- Редакциянын күнү: 15.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4728>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4728>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4728.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 15.10.2025-ж. №670 токтому (15.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4728

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 471 “Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Кожомкул айыл аймагында жайгашкан жер участогун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Сокулук районунда индустриалдык-логистикалык технопарк куруу улуттук инвестициялык долбоорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 15, 16-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 471 “Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Кожомкул айыл аймагында жайгашкан жер участогун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 2-пунктунун 8-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
