# КР Министрлер Кабинетинин 07.10.2025-жылдын № 645 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 07.10.2025-жылдын № 645 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 645
- Кабыл алынган күнү: 07.10.2025
- Редакциянын күнү: 07.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4721>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4721>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4721.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 07.10.2025-жылдын № 645 токтому (07.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4721

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 “Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын

1-мартындагы № 66 “Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пунктта:

– экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– мунайды кайра иштетүүчү ата мекендик заводдор тарабынан өндүрүлүүчү мазуттан жана жылытуучу отундан (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификациялануучу) тышкары, автомобиль жана темир жол транспорту менен мунайды (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2709 коду менен классификациялануучу) жана мунай продуктуларын (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификациялануучу).”;

– үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 3-пунктта “финансы” деген сөз “коммерция” деген сөзгө алмаштырылсын;

3)5-пунктта “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу” деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
