Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин 01.09.2025-жылдын № 544 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
2029-жылга чейин Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Жашыл экономика принциптерин институтташтырууну өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу секторлору боюнча макро жана микро деңгээлдердеги жашыл интервенцияларды имплементациялоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
Төмөнкүлөр бекитилсин:
2029-жылга чейин Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы 1-тиркемеге ылайык;
2029-жылга чейин Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
2029-жылга чейин Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү программасынын индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык;
– 2029-жылга чейин Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү программасынын ресурстук наркын баалоо 4-тиркемеге ылайык.
Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) жана уюмдар (макулдашуу боюнча):
Иш-чаралар планын сапаттуу жана өз убагында аткарууну жана 2029-жылга чейин Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү программасынын индикаторлоруна жетүүнү камсыз кылсын;
– квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине Иш-чаралар планынын аткарылышы тууралуу маалымат берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү тууралуу маалымат берип турсун.
4. Иш-чаралар планынын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүндөгү өзгөрүүлөр тейлөөчү багыттары боюнча отчеттуулук үчүн жоопкерчилигин алып салбайт деп аныкталсын.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-ноябрындагы № 605 “Кыргыз Республикасында “жашыл” экономиканы өнүктүрүүнүн 2019–2023-жылдарга программасын бекитүү жөнүндө” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 349 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-ноябрындагы № 605 “Кыргыз Республикасында 2019-2023-жылдарга “жашыл” экономиканы өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Программа.docx
Иш-чаралар планы.docx
Матрица.docx
Оценка.docx
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-ноябрындагы № 605 "Кыргыз Республикасында "жашыл" экономиканы өнүктүрүүнүн 2019-2023-жылдарга программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.11.2019 · № 605 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 349 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-ноябрындагы № 605 "Кыргыз Республикасында 2019-2023-жылдарга "жашыл"…Постановление · 24.06.2022 · № 349 · Күчүн жоготкон