Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин 18.07.2025-ж., № 431 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2009-жылдын 18-майындагы № 300 “Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жана менчигинин түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдары үчүн бирдей шарттарды түзүү, билим берүү чөйрөсүндө атаандаштыкты чектөөгө жол бербөө максатында жана “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын
18-майындагы № 300 “Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жободо:
– 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Ушул Жобонун 7-пунктунун талаптары алыскы чет өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк жарандарды медициналык адистиктер боюнча окутуп жаткан бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес билим берүү уюмдары үчүн милдеттүү.”;
– 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7. Чет өлкөлүк студенттер үчүн билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин прейскуранты өзүнчө иштелип чыгат жана ушул Жобонун 5-пунктуна ылайык бекитилет. Медициналык адистиктер боюнча жогорку окуу жайларында окуп жаткан алыскы чет өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк жарандар үчүн билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин өлчөмү ушул Жобого ылайык белгиленген минималдуу өлчөмдөн төмөн болбошу керек.
Медициналык адистиктер боюнча жогорку окуу жайларында окуп жаткан алыскы чет өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк жарандар үчүн билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин минималдуу өлчөмү ушул Жобонун тиркемесинде белгиленген тартипте аныкталат.”;
– жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 12-августундагы № 456 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 “Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы №300 "Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө баа коюу жана колдонуу жөнүндө жобону…Постановление · 18.05.2009 · № 300
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августу № 456 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 "Кыргыз Республикасында билим берүүнүн…Постановление · 12.08.2022 · № 456 · Күчүн жоготкон