# КР Министрлер Кабинетинин 27.06.2025-ж., № 369 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 27.06.2025-ж., № 369 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 369
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2025
- Редакциянын күнү: 03.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4680>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4680>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4680.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 27.06.2025-ж., № 369 токтому (03.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4680

---

Кыргыз Республикасынын көп этностуу районундагы жана шаарындагы этностор аралык мамилелер маселелери боюнча коомдук кабылдамалардын ишин камсыз кылуучу жооптуу катчыларга эмгек акы төлөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын көп этностуу райондорундагы жана шаарларындагы этностор аралык мамилелер маселелери боюнча коомдук кабылдамалардын ишин камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

Этностор аралык мамилелер маселелери боюнча коомдук кабылдамалардын 23 жооптуу катчысына ар айлык акчалай сыйлык тиркемеге ылайык 26 800 (жыйырма алты миң сегиз жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттикке этностор аралык мамилелер маселелери боюнча коомдук кабылдамалардын жооптуу катчыларына эмгек акы төлөөгө республикалык бюджеттен ушул токтомдон келип чыгуучу каражаттарды жыл сайын карасын.

Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-августундагы № 411 “Кыргыз Республикасынын көп этностуу райондорундагы жана шаарларындагы этностор аралык мамилелерге тийиштүү маселелер боюнча коомдук кабылдамалардын ишин камсыз кылуучу жооптуу катчылардын эмгегине акы төлөө жөнүндө” токтому;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 142 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту.

Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тиркеме.docx

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
